Экономика министри Олег Панкратов эмне үчүн ал кызматтан кетүүнү чечти.
Эске салсак, Панкратов 24-майда отставкага кеткен. Панкратовдун айтымында, кызматтан кетүүнүн башкы себеби анын дарегине айтылган сын болгон.
“Акыркы убакта Жогорку Кеңештин депутаттары, президент, премьера тарабынан менин дарегиме көптөгөн сын — пикирлер айтылды. Бирок жаштарга жол берүү керек. Өлкө башчысынын атына арызымды мен бүгүн өкмөттө калтырдым. Оюумча отставканы кабыл алат”, – деди Панкратов.
“Менин жумушумда оң жана терс жактары да бар. Кечээ преңидент суу форумунда экономика Министирлигинин ишин сынга алды. Бул анын тарабынан берилген белги болду деп ойлойм. Мен буга туура жооп кылдым деп ишенебиз. Жакынкы мезгилде эс алууну пландап жатам, анан көрөбүз — азырынча мен мындан ары эмне менен алек болоорумду азырынча билбейм”, – деп кошумчалады ал.
Олег Панкратов 2015-жылы экономика министринин кызматына тандалганын эске салабыз. Ал эми 2018-жылы, ал экономика министри кайра кызматын ээлеген.