Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитикалык серебинде чет элдик инвестицияларды тартуунун эсебинен инвестициялык активдүүлүк планында мамлекеттик сектордун негизги ролу жөнүндө айтылат.
Кыргызстанда мамлекеттик инвестициялык долбоорлор чет мамлекеттердин кредиттеринин жана гранттарынын эсебинен каржыланат. Алган акчасын сарптай турган өкмөт инфраструктура жана мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.
Тактап айтканда, Азия Өнүктүрүү Банкы Үч-Коргон гидроэлектростанциясын модернизациялоону жана Түндүк-Түштүк автожолунун курулушун каржылоону пландаштырууда.
Сауд Арабия Баткен жана Талас облустарында суу менен камсыздоону орнотуу ниетин билдирди.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөлүк банк менен узак мөөнөттүү комплекстүү стратегияны жана Ысык-Көл облусун региондук өнүктүрүү планын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Келечекте Каракол—Балыкчы автожолунун түштүк бөлүгүн жана «Каракол» эл аралык аэропортун реконструкциялоого финансылык жардам болмокчу.
ЕАӨБдын адистери билдиргендей, мамлекеттик долбоорлордун көпчүлүк бөлүгү чет өлкөлөрдөн кредиттерди жана гранттарды тартуунун эсебинен өз жүзөгө ашырылууда, узак мөөнөттүү келечекте бул мамлекеттин бюджетинин жана төлөм балансынын туруктуулугуна эч кандай таасир этпеши керек.