Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстандан борбору Нур-Султанда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) юбилейдик саммитине катышат. Бул кабарды өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы таркатты.
Иш-чаранын ачылуу жана сүрөткө тартуу салтанаттуу аземи өткөрүлгөндөн кийин ЕАЭБтин Жогорку Кеңешинин катышуучулары тар курамда жолугушуу өткөрүштү.
Жыйын учурунда алар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө карата кабыл алуу зарыл болгон чараларды карашты.
Андан соң ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамынын жыйынын өткөрүштү.
Сүрөт: kyrtag.kg