Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Откүрбек Джамшитов, Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода менен сүйлөшүү өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы укуктук карым-катнаш, калктын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Ошондой эле терроризмге жана экстремизмге каршы туруу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган жактарды берүү жаатындагы укуктук көмөк көрсөтүү маселелери каралды.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүү кызматташуусунун жакшы динамикасын белгилешти. Мындан тышкары, алар мындан ары да өз ара кызматташтыкты бекемдөө зарыл пикирге келишти.
Сүрөт: kyrtag.kg