Борбор калаада эртең менен жылуулук трассасы районунда жарылуу болду.
Жарылуунун натыйжасында төрт адам жаракат алган, алар оор жаракат алган. Бул тууралуу тез жардам борборунун башкы дарыгери Искандер Шаяхмедов билдирди.
«Эртең мененки саат 9га жакын убакытта биз Логвиненко менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече адам жабыркаган. Ал жакка эки тез жардам бригадалары жөнөтүлгөн. Бир жабырлануучу реанимация бөлүмүнө өзгөчө оор абалда жаткырылган, экинчиси – нейрожаракат алган , ошондой эле дагы эки адам ар кандай жаракат менен борбордук илимий-изилдөө борборунун, травматология жана ортопедия бөлүмүнө жеткизилди», – деп билдирди башкы дарыгер.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматында жогоруда көрсөтүлгөн даректеги жардыруу фактысын тастыктады.
Белгилүү болгондой, борбор калаадагы инцидент үчүн жоопкерчилик «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына таандык. Комиссия түзүлдү.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында, бүгүн эртең менен ысык суу берүүчү түтүктүн биринде жардыруу болду. Профилактикалык оңдоо иштери дайыма жүргүзүлүп турган.
«Бул факт боюнча комиссия түзүлүп, жакында ал жарылуунун себептери жөнүндө корутунду берет. Комиссиянын корутундусуна чейин эч нерсе айта албайм», – деп маалымдады Лилченко.