Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы учурда Жалал-Абад облусунда эки күндүк жумушчу сапары менен барган. Бул тууралуу Tazabek маалымат агенттиги өкмөттүн басма-сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирген.
Сапардын биринчи күнү Кубатбек Боронов жабык типтеги курулуп жаткан Галерея менен таанышты, ал Бишкек—Ош автожолунун 246—километриндеги кар көчкүлөрүн түшүүдөн коргоо үчүн арналган.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, узундугу 460 метр, бул объект 3 жылда аягына чыгышы керек.
Курулуш объекти «Бишкек—Ош автоунаа жолундагы кар көчкүгө каршы» долбоорунун алкагында ишке ашырылат, ал Япон эл аралык кызматташуу агенттиги тарабынан гранттык негизде каржыланат.
Ошондой эле Кубатбек Боронов Камбар-Ата ГЭС-2 жана Токтогул ГЭСинде болду, андан тышкары ал Үч-Коргон ГЭСине барып, анын реконструкцияланышынын жүрүшү тууралуу ага маалымат беришти.
Вице-премьер-министр гидроэлектрстанцияларында кызматкерлердин иш шарттары, жабдуулардын абалы менен таанышып, бул ГЭСтердин алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгын талкуулады.
Ошондой эле Кубатбек Боронов Маданият–Жалал-Абад автотрассада болду, анда Азербайжандын ОсОО «АзВирт» компаниясы курулуш иштерин жүргүзүүдө. «АзВирт» компаниясы 159 га аянттагы карьерди таш материалдарынан иштеп чыгат.