Борбордук аянтта Ыйык Рамазан айы бүтүшүнө байланыштуу Орозо Айт намазы окулду. Эски аянтта 50 миңге жакын мусулмандар келишти. Динге ишенгендердин алдында бийлик өкүлдөрү жана дин кызматчылар чыгышты. Азирети Муфтий Максат ажы Токтомушев мусулмандарды майрамы менен куттуктады.
Коомдук тартипти сактоо үчүн эки миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
Башкы башкармалыгынынички иштер басма- сөз кызматы билдиргендей, Октябрь райондук ички иштер кызматынын кызматкерлери тарабынан кеңеш деп кызматкерлери тарабынан Айт-намазга курал, травма тапанча жана бычак алып кирүүгө аракет кылышкан.
«Айт-намазы учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында текшерүү учурунда сайуучу-кесүүчү буюмдар жана курал — травмалык тапанчалар менен кирүүгө аракет жасаган. Н.А. жана А.Д., кармалышкан. Андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи май районунун ИИБнүн алар тарабынан жеткирилди», – деди Бишкек ИИБ.
Кармалгандарды Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө мындан ары териштирүү жүргүзүү үчүн жеткиришти.