Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Дача айылында “суу объектилеринде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү”аталышындагы атайын машыгуу өткөрүлдү.
Turmush агенттигинин журналистинин маалыматы боюнча, машыгуулар ГЭС-5 эс алуу аймагында өткөрүлгөн.
Күчөтүү үчүн даярдык куткаруу бөлүмдөрүнүн карата өз убагында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү максатында Чүй облусунун куткаруучулар-суучулдар өрт-өчүрүүчүлөр отряддарды бирге машыгуу өткөрүштү.
Коюлган максаттар иш жүзүндө эки көрсөткүч чекитте иштелип чыккан:
-белгилүү кырсык орду менен издөө-куткаруу иш-чаралары;
-көлмө-суунун акваториясы боюнча издөөчү-куткаруучу иш-чаралар, окуя болгон жер белгисиз учурда.
“Тактикалык машыгуу суу объектилериндеги кырсыктардын санын азайтуу үчүн жүргүзүлдү. Чүй облусунун аймагында ири жана чакан суулар, жасалма көлмөлөр, эс алуу зоналары бар.
Аларга өзгөчө кырдаалдар жана окуялар болушу мүмкүн. Ал эми жайкы мезгил башталганда суу объектилериндеги кырсыктардын саны бир нече эсеге өскөн”, – деп белгиледи Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Азиз Эгембердиев.