Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
“Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 13 жана 14-июнда республикага расмий иш сапары менен келет. Жолугушуу учурунда тараптар ондогон келишимге кол коюшат.
Ошондой эле сапардын жүрүшүндө кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт. Учурда келишимдин ири топтомун, 40ка чейин даярдалып, эки республиканын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюла турган иштер жүргүзүлүүдө”, – деди Сыдыков.
Мамлекеттик визиттин алдында кытай төрагасынын, 12 жана 13-июнундагы Кыргызстандын лидеринин Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча расмий сапар менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулги келет. Жолугушуунун жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, ошондой эле өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев сүйлөшүүлөр өтөт.
Өлкө жетекчилери эки тараптык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттарын карап чыгып, ошондой эле келечекке милдеттерди аныкташат.
Мындан тышкары, эки тараптуу макулдашууларды түзүү күтүлүүдө. Азыркы учурда алардын ичинен 14ү даярдалып, 7-8 документи саламаттык сактоо тармагына, экономикага жана маданий кызматташтыкка багытталган.
Мындан тышкары, сапардын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюлат, ошондой эле Монголиянын Кыргызстандын борборундагы элчилигинин салтанаттуу ачылышы болот.