“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген күндөн тартып тартип бузуучулар жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашкан айып төлөштү. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомство укук бузууларды каттоо 4-марттан тартып баштагандыгын эске салды.
“Баардыгы болуп 159 035 ЖКЭни бузуулар боюнча токтом чыгарылган. 69 175 тартип бузгандыгы үчүн (43,5 пайызга) 100 миллион 94 миң сомдон ашык айып пул төлөндү”, — релизде айтылат.
Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын жол кыймылынын бардык эрежелерин сактоого чакырышты. Анткени эми майда болсо да укук бузуучу айып төлөп берүүгө аргасыз болот.