Кечээ, 13-июнда Бишкектеги “Кыргызстан-Кытай” бизнес-форумуна үч жүздөн ашык адам катышты. Бул кабарды инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу берди.
Ал Кытай тараптан иш-чарага150 ишканалардын 80 өкүлдөрү катышып жатканын айтты. Кыргыз тараптан жүздөгөн өкүлдөрү катышкан.
Шумкарбек Адылбек уулу белгилегендей, ишмердүүлүк форумдун алдында да жүргүзүлүп келген.
“Кол коюлган макулдашуулар бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынын жана мамлекеттик визиттин КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Бугунку кундо биз жүргүзүлгөн иштердин натыйжаларын байкайбыз. Тактап айтканда, 24 жалпы суммасы 7,7 миллиард доллар болгон келишимге кол коюлду”, – деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттиктин директору маалымдагандай, агропарктарды, сууну тазалоо системасын түзүү, ошондой эле тоо кен тармагы жана товардык биржаларды ишке киргизүү боюнча келишимдер кол коюлган.
Мындан тышкары, анын айтымында, ал ишканаларга жакшыртуу боюнча программалар бар.