Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 925 автоунаага май куюучу станция (МКС) бар. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта 270 авто май куюучу станцияга атайын автоматташтырылган башкаруу системасы киргизилет. Калган станцияларга мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери жөнөтүлөт. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин АЭУ бардык май куюучу станцияларда болууга тийиш.
«Система 5 миң долларга жакын турат, бул сумма АЗС үчүн чоң эмес. Ким мыйзамдуу иштейт, алар үчүн пайдалуу. АЭУ ким койбосо, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Ошондо биз толугу менен КММ мыйзамсыз ташып келүүнү көзөмөлгө алабыз», – деди ал
Азыркы учурда Казакстан менен күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча макулдашуу түзүлүп, анын натыйжасында бензинге болгон баа бир аз азайып жатат.