Факт 1: Казакстанда эң коррупцияга малынгандар – полицейскийлер жана соттор
Сурамжылоого катышкан жарандардын 47% пайызы жол коопсуздук кызматкерлерине пара берээрин айтышкан. Жумушсуздук пособияны алуу үчүн 33%, жарандык иштерди кароодо 31% сотторго пара берээрин айтышкан.
Факт 2: Коорупция үчүн советтик тарыхты күнөөлөшөт
«Өлкөбүздөгү коррупциянын масштабы улуттук коопсуздукка доо кетирип, азыркы учурда жалпы көрүнүш болуп калды. Мындай көрүнүш советтик союзда да ушундай болгон. Жеке менчик эч нерсе жок болгондуктан, адамдар иштеген жеринен каалаган буюмду көтөрүп кете берип көнүп калышкан. Ошондой мамиле азыркы учурда да бар» — HR-эксперт Даляпраз Букетова.
Факт 3: Казакстандагы коррупцияны официалдуу статистика менен саноого мүмкүн эмес.
Коррупциянын жалпы көрүнүшү аз көрүнөт. Бирок, турмушта алып караганда аз айлык жана көптөгөн жумуштук оорчулук адамды пара алууга үндөйт. Ошо менен кандай гана моралдык жактан бийик киши болбосун айла жок коррупцияга малына баштайт.
Факт 4: Эң жогорку космикалык пара Казакстанда… уйдун кыгы
2017-жылы Казакстанда Аксай айылдык округунун акимине козголгон кылмыш иши жалпыга маалымдоо каражаттарынан катуу талкууга алынган. Ал уйдун кыгы аркылуу пара алып жатканда кармалган. Анын алган 350 мүшөк уйдун кыгы 206 750 миң тенгени түзгөн.
Факт 5: Казакстанда кол тийбестер бар
Политолог Данияр Ашимбаевтын айтымында, күн сайын кармалып жаткан сүткорлордун, козголгон кылмыш иштердин кптүгүнө карабай, коррупция менен дайыма алектенип, эч бир жаза албай байгерчилик турмушта жашаган адамдар бар экенин коомчулук деле билет. Ошондуктан кандайдыр бир адамдарда кол тийбестик бардай сезилет.