Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2018-жылы Кыргызстан Өзбекстанга, Тажикстанга жана Казакстанга 90го жакын контролдонуучу продукция кайтарылып берилгенин билдирген.
Ведомствонун маалыматы боюнча, биздин өлкөдө бардык ветеринардык көзөмөлдөөчү пункттарда зарыл болгон ветеринардык коштоо документтерисиз жеке жана юридикалык жактар алып кирген товарларга көзөмөл күчөтүлгөн болчу.
ЕАЭБтин жалпы ветеринардык-санитардык талаптарын сактоодон баш тарткандыгы үчүн акыркы 5 айдын ичинде көзөмөл жүргүзүлүүчү 14 жүктү кармашты. Өткөн жылы экономикалык биримдиктин бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы үчүн 96 көзөмөлдө турган жүк кармалган.
Кармалган жүктөр жөнөтүүчү мамлекетке кайтарылган: Казакстан – 33 учур, Тажикстан – 29 учур, Өзбекстан – 26 учур катталган. Малдан алынган айыл чарба продукциясы менен жүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү утилдештирилген, 5 учурда кайра кайтарылган.