Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи кеңешмесинин алкагында мамлекеттик органдардын отчетторуна сын көз-карашта баа берди.
Республиканын башчысы мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, өнөр жай чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча иш жүзүндөгү натыйжалар жок экендигин билдирди.
“Эгерде мамлекеттик органдардын отчетторун иликтесе, алардын ою боюнча өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар экендиги билинет. Бул отчеттордон алып караганда, бизнес өзү өнөр жай менен алектенгиси келбейт деген ойдо болууда”, – деп белгиледи президент.
Ал ошол эле учурда сурамжылоо жүргүзүлүп, ишкерлер жана чет элдик ишкерлер жаңы өндүрүштү ишке ашырууга жана жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга эмне тоскоол болуп жатканын белгиледи.
“Ишкерлердин жана бизнесмендердин пикирине ылайык мамлекеттик органдардын көз караштарына дал келбейт. Башкача айтканда, бизнес жана мамлекет ортосундагы реалдуу диалог азырынча түзүлө элек”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.