Бүгүнкү күндө терроризмдин дүйнө жүзү боюнча коркунучу биринчи орунда болуп саналат. Терроризм бир өңгө ээ эмес, бирок ошол эле бардык планетада көптөгөн өмүрлөрдү алып кетүүдө. Бул тууралуу VB.KG “Евразиялык – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев айтып берди.
Анын айтымында, террордук топтордун катарына азыр бүтүндөй үй-бүлөлөрдү тартуу болуп жатат.
«Планетардык масштабда жаңы жамандыктын коркунуч күн сайын өсүп жатат. Буга байланыштуу, ага каршы биргелешип аракет кылышыбыз керек. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасында терроризм маселесин кароо жогорку деңгээлде болуп, бул эл аралык адистерди кошуп жатат. Анын үстүнө биз мындай иш — чаралардын уюштуруучулары катары келечекте бул темага Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин гана эмес, Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрүн да тартууну пландаштыруудабыз», – деп белгиледи Юрий Ануфриев.