Дайынсыз жоголгон Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси Көкөмерен дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, трагедия учурунда чиновник айдоочусу жана үй — бүлөсү менен жубайы, небереси жана уулу менен автоунаада болгон.
Учурда иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Молдакун Абдылдаев 2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
Кошумчалай кетсек, 30-июнда ИИМге Суусамырдан Ат-Башыга кеткен жолдо беш адам дайынсыз жогоогон деп кабарланган.
Алар Nissan Terrano маркасындагы ак автоунаа менен Чүй облусундагы Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгын майрамдоого жол алышкан.
Кийинчерээк көргөн кишилердин айтуусу боюнча унаа тоону сүзүп Кожомкул жана Арал айылдарынын ортосундагы дарыяга түшүп кеткенин айтышкан.