Казакстандын борбору, Нур Султанда кечээ абак кызмат башчыларынын КМШ мамлекеттеринин IV отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйынга Кыргызстандын атынан, жазаларды аткаруу Мамкызматтын төрагасы Мелис Турганбаев, ЖАМКнын башкы штабынын башкармасы Абдиш Коомбаев жана ЖАМКнын башкы финансылык-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси Рахатбек Жапаровдор катышты.
Мындан тышкары, жолугушууга Армения, Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан республикаларынын делегациялары катышты.
Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын сот-укук тармагындагы реформалары, пробация кызматынын жаңы институту, Борбор Азиядагы диний экстремизмди жана терроризмди пропагандалоо көйгөйлөрү тууралуу Мелис Турганбаев жыйындын жүрүшүндө маалымдады.
Басма-сөз кызматтын маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын ЖАМК төрагасы кадрдык мүмкүнчүлүктөрдүн маселелерине, ошондой эле пенитенциардык кызматтардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо зарылчылыгына көңүл бурду.