2019-жылы ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек. Мындай көрсөткүчтөр 12-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында айтылды.
“Кыргызстандын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берүүдө.
2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. болору белгиленген. Таңкыстык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.
Буга чейин маалымдалгандай Кыргызстандын 2018-жылга карата ИДӨнүн өсүш көлөмү болжолдонгондой 3,7% болбой калган. Бул көрсөткүч быйыл болгону 2,8% өсөт деп эсептелген. Мунун себебин финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырган.