Өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдайт.
«Сиздердин оор, бирок адамдарга керектүү кесибиңиздер, өзүңүздөрдү арноону толук талап кылат, өзгөчө бийик сапатты, жогорку квалификациясы, билимди жана жөндөмдү. Күн сайын өзүнүн оор эмгеги менен сиздер адамдарга үмүт белек кылып, ден соолугун кайтарып, өмүрлөрдү сактап келесиздер.
Сиздердин күч-аракетиңиздердин натыйжасында Кыргызстан балдардын өлүмүн үчтөн эки бөлүгүнөн кыскартуу менен миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жеткен 62 өлкөнүн бири болду. Бирок, дагы көп иштерди аткаруу керек», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент баса белгилегендей, бүгүнкү күндө негизги милдет — саламаттык сактоонун бардык тармактарына санариптик технологияларды жигердүү киргизүү. Ошондо гана жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан бардык жарандарды сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылууга болот.
«Жакынкы жылдары биз ар бир адамдын, ар бир үй-бүлө үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым болушу керек экенин камсыз кылууга жетишүүбүз керек. Бул үчүн өзгөчө айыл жергесинде фельдшердик-акушердик пункттардын жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордун санын көбөйтүү зарыл. Ооруларды алдын алуу чараларын кеңири киргизүү керек. Сергек жашоо образы мамлекеттик идеологиянын бөлүгү болууга тийиш. Мамлекет мындан ары да медициналык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, сиздердин эмгектин социалдык жагымдуулугун арттырууга кам көрөт», — деп жыйынтыктады мамлекет башчы.