Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде Баткен облусунун учурдагы милдеттерин чечүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма-сөз кызматы билдирди.
Жээнбеков Мамлекеттик чек араны бекемдөө, аймактардын бүтүндүгү улуттук кызыкчылыктардын бири экенин, ал эми учурда чек ара аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун, ден-соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо болуп жатканын айтты.
“Кыргыз Республикасы үчүн коңшу өлкөлөр менен карым-катнаштарды сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгү жогору. Ошондой эле, мамлекеттик чек арага жакын жерде жашаган адамдардын социалдык-экономикалык абалын, турмуш деңгээлин жогорулатууга жана адамдардын, ички жана тышкы миграцияны төмөндөтүү, инфраструктуралык объекттерди куруу”, — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти.