Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Швейцарияга бир күндүк мамлекеттик сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
Иш сапары Бернедеги «Лон Манор» мамлекеттик резиденциясында, Швейцария президенти Ули Марурер менен расмий жолугушуусу болду.
Президенттин келишине Кыргызстан менен Швейцариянын мамлекеттик туулары илинип, ошондой эле Ардактуу күзөт тизилип турган.
Эки мамлекеттин гимндерин угулгандан кийин, Жээнбеков менен Маурер делегациялардын расмий мүчөлөрү менен тааныштырышты. Андан соң мамлекеттердин лидерлери эки тараптуу форматта боло турган сүйлөшүүлөргө бет алышкан. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин жолугушуу көп тараптуу форматта улантылат.
Иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Улуттук Кеңештин федералдык жыйынынын төрагасы Марина Кароббио Гушетти, улуттук Банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуу пландалган.
Мындан тышкары, президентте ири Швейцария бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өтөт, ага биздин өлкөдөн келген бизнесмендер катышат.