Ош облусунун Ноокат районунун бүтүрүүчүлөрү окуу жылынын бүткөнүнө байланыштуу, республикалык жалпы республикалык тестирлөөгө эң жогорку балл алган “Алтын сертификаттарды” алышты.
Бүтүрүүчүлөргө грамоталарды Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков тапшырды.
Маалыматка ылайык, «Ноокат Билимканасы» лицейинин окуучусу Самара Акылбекова жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 225 балл топтогон. Аны Жээнбеков “Алтын сертификат” менен сыйлады.
А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Айзирек Момунова тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 214 балл топтоду. Ага президент мактоо грамотасын тапшырды.