Анын айтымында, Бажы кызматы жыл аягына чейин 39 млрд 796 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөм чогултууну пландап жатат. Мындан сырткары өкмөт тарабынан берилген кошумча тапшырмаларды аткарат.
«Жыл башында өлкөгө кирген жүктүн көлөмү көбөйүп чоң жылыштарга таасир берди. Андан сырткары автоунааларга көрүлгөн чаралардын негизинде 2 айдан ашык убакытта кошумча 186 млн сом түштү. Эски жылдын он айына салыштырмалуу быйыл 6 млрд 521 млн сом көп каражат берип келе жатабыз. Мындай өсүш жыл сайын болот. 2015-жылы өлкө казынасына 20 млрд 800 млн сом чогулса, 2017-жылы бул көрсөткүч 34 млрдга жеткен», — дейт Ражабалиев.