Бүгүн Баткен облусунун делегациясы Өзбекстандын аймагында өтүп жаткан “Улуу Жибек Жолу” фестивалына катышты.
Делегациянын жетекчиси Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мудамаров болду. Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев региондун өнөр жай ишканаларына делегацияга экскурсия өткөрдү. Жолугушуу учурунда тараптар аймактардын ортосунда мындан аркы эки тараптуу кызматташууну жемиштүү өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдиришти.
“Улуу Жибек Жолу” фестивалы Өзбекстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Фестивалдын демилгечиси Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев болду. Фестивалды өткөрүүнүн максаты фольклордук искусствону сактоо, жаш муундарды улуттук искусствону урматтоого, сүйүүгө тарбиялоо жана ошондой эле маданияттар аралык жана улуттар аралык кызматташтыкты сактоо, ал улуттук искусство жана маданиятты алмашуу болуп саналат.