2019-жылдын июнь айынын аягында инфляциянын эң төмөнкү деңгээли Арменияда жана Кыргыз Республикасында катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинде айтып беришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Арменияда баалар 0,1% га көбөйдү. Кыргыз Республикасында бул көрсөткүч 0,3% деңгээлде белгиленди.
Муну менен катар Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринен баалар Беларусь Республикасында, тактап айтканда — 2,9% га көп көбөйгөн. Төмөндө ошондой көрсөткүч Казакстан Республикасында — 2,6% жана Россия Федерациясында — 2,5%.
Республикада,
Биримдиктин башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча азык-түлүк эмес товарларга баалар 2,2% га төмөндөгөн.
“Казакстан Республикасында үстүбүздөгү жылдын июнунда былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын эсепке алуу менен азык-түлүк товарларына баалар жана тарифтер көбүрөөк деңгээлде 5,9% га өстү. Ошол эле учурда Беларусь Республикасында азык — түлүк эмес товарларга — 2,3% га жана кызмат көрсөтүүлөргө — 4,1% га баалардын кескин өсүүсү белгиленген”,-деп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматына айтып беришти.