Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.
14-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Суусамырда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкекте 14-ноябрда кар, жаан жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -2…-4 градус суук болот.