Түштүк Кореянын Премьер-министри Ли Нак Ён 17-июлда үч күндүк расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, кореянын премьеринин иш сапарынын жүрүшүндө бир катар иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө, анын ичинде эки тараптуу кыргыз-корей бизнес-форумда 50дөн ашуун кореялык компаниялардын өкүлдөрү катышат, ошондой эле жолугушууларды өткөрүү “В2В” форматында жана бир нече жолугушуулар эки тараптуу деңгээлде өтөт.
Талкуунун жүрүшүндө маселелерди жөнгө салуу жаатындагы өз ара соода жана айыл чарба, саламаттык сактоо жана тоо-кен тармагындагы, туризм жана энергетика, транспорт жана текстиль өнөр-жай, маалымат технологиялары жана өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды катышуучулар карашат.
Мындан тышкары, Кореянын премьер-министри өз иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.
Расмий иш сапардын натыйжалары боюнча эки тараптуу бир нече макулдашуулардын корутундусу болот.