Жакынкы келечекте Евразия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасындагы бир катар жаңы экономикалык демилгелерге өзүнүн ресурстарын колдоо көрсөтөт. Ошону менен бирге, өлкө үчүн маанилүү болгон, жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду каржылоону банк улантат. Бул тууралуу ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов биздин өлкөнүн Россия Федерациясындагы элчилигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Кыргызстан менен банктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү биринчи кезекте, транспорттук–логистикалык инфраструктура, айыл чарба, энергетика жаатында, ошондой эле айрым башка тармактарда каралган. Мындан тышкары, алар үчүн актуалдуу милдеттерди чечүү үчүн облустардагы ишти күчөтүү пландаштырылууда.
Банктын жетекчилиги биздин өлкөдө жайгашкан «Айыл Банк», «Халык Банк Кыргызстан», Россия–Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен байланыштарды жеңилдетүүнү пландаштырууда.
Башкарманын төрагасы айрым кыргызстандык долбоорлорго, анын ичинде «Астро Текноледжис» жана «Кыргыз Текстиль» билдирмелерин ийгиликтүү иштеп чыгуу жөнүндө билдирди.
Ал банктын Кыргыз Республикасындагы өнөктөштөрүнүн сунуштарын да кароого даяр экендигин баса белгиледи,бирок өкмөт кепилдик берген шартта. Бельянинов Кыргызстанды банктын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен чоң активдүүлүк көрсөтүүгө чакырды.