Кыргызстан жана Казакстандын өкмөттөрүнүн макулдашуусу боюнча мамлекеттердин ортосунда электр энергиясы менен алмашуу жүрүп жатат. Мындай алмашуу вегетациялык мезгил ичинде казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрүн Кыргызстандан сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн зарыл.
Мамлекеттердин ортосунда энергия алмашуу аныкталган схема боюнча жүргүзүлөт. Казакстанга кыргыз электр энергиясын жөнөтүү ушул жылдын июлунан баштап августка чейинки мезгилде жалпы көлөмдө 270 млн.кВт. чейин жүзөгө ашырылат. Андан ары Казакстан алган электр энергиясынын көлөмүн 1-сентябрдан 30-ноябрга чейинки мезгилде кайра кайтарат.
Электр энергия менен алмашуу июлда жакында өткөн 8 кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында башталган. Кыргызстандан келүүчү нымдуулуктун негизги көлөмү Талас облусунда жайгашкан Киров суу сактагычынан алынып келет.