ЕАЭБга мүчө мамлекеттерден келген товарларды эң башкы сатып алуучуларынын бири Европа биримдиги болуп эсептелет. Жалпысынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрү аларга өздөрүнүн продукциясынын 50,8% ын беришет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ушул жылдын январынан апрелге чейинки мезгил аралыгында ЕАЭБде өндүрүлгөн товарлардын тышкы соодасынын жыйынтыктары боюнча материалдарында билдирилет.
Европа Биримдигинде ЕАЭБ товарлары Нидерландиялыктар көбүрөөк сатып алышат, 11,7%, андан ары Германия жүрөт, ага товарлардын 7,4% ы туура келет, Польша ЕАЭБ товарларынын 3% сатып алууда.
Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык өлкөлөрү (АТЭС) январь айынан апрель айына чейин ЕАЭБдан экспорттолуучу товарлардын 26,8% сатып алышкан. Алардын ичинен Түштүк Кореяга 4,5% туура келет, ал эми АКШга – 2,7%.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн ичинен экспорттолгон товарлардын 5,3% ы сатылат.