Борбордо “Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациясынын концепциясынын аткарылышына байланыштуу стратегиянын аткарылышын жөнгө салуу боюнча республикалык штабдын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өттү.
Өкмөттө райондук жана шаардык деңгээлде кызмат көрсөтүүчү ар бир мамлекеттик мекемелердин интернет түйүндөрүнө жеткиликтүү болушу тууралуу талабы айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырма берилген маалыматтык электрондук документ жүгүртүү системасын тезирээк ишке киргизүүнү, ошондой эле долбоорлорун ишке ашырууну “Мектеп медицина – IT-бейтапканасы” жана “Акылдуу мектепти” активдештирүүнү.
Ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасын орнотуу жана ишке ашыруу максаттары үчүн жол инфраструктурасын даярдоону баштоо тапшырылды.
Белгилей кетсек, “Кыргызтелеком” учурда интернетке 556 жалпы билим берүүчү мекеме, 288 айыл өкмөтү жана 580 медициналык мекеме кошулду.
Ушул жылдын аягына чейин дагы 104 айылдык жалпы билим берүүчү мекеме, 102 айыл өкмөтүнүн 600 медмекеме жана 700 почта байланыш бөлүмдөрүнүн туташтыруу пландаштырууда.