Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу коопсуз миграцияны жайылтуу үчүн флешмоб жарыяланды. Анын максаты – жарандарга миграция маселелери боюнча маалымат берүү. Иш-чараны “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.
Флэшмобдун алкагында эмгек мигранттары өзү иштеген жеринде тартылган сүрөтүн интернетке киргизип, каттоого туруу, эмгек келишин түзүү, миграциялык карталарды толтуруудагы маанилүү нерселер тууралуу билдирүү жазышы керек. Катышуучулардын билдирүүлөрүн #СаламМигрант деген хэштег бириктирет.
Флэшмоб иштөө үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга барган өлкөдө жүрүү эрежелерин сактоо маанилүү экенин айтууга багытталган. Каалоочулар 10-декабрга чейин катыша алышат. Атайын комиссия тарабынан мыкты билдирүү аныкталат. Аларга 18-декабрь – Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өтө турган саамалыкта сыйлуу белектер берилет.
супер инфо