Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын жана Монголиянын лидерлеринин расмий сапарларынын жүрүшүндө Кыргызпатент тарабынан бир нече меморандум түзүлгөн. Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева билдирди.
Анын айтымында, Роспатенттин атынан Орусиядагы өнөктөштөр менен келишимге кол коюлду, ага ылайык Россия тараптан бизге издөө системасына кирүү мүмкүндүгү ачылды.
«Эми Кыргызстандын адистер бул тутумда издөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты», — деди Молдошева.
Ошондой эле Монголия менен болгон иштешүү талкууланды, деп кошумчалады ал.
«Салттуу билимдер» деген түшүнүк бар жана бул жерде биз интеллектуалдык менчик жаатында Монгол Республикасы менен окшоштугубуз бар», — деп белгиледи Кыргызпатенттин жетекчиси.
Молдошева Кытай Эл Республикасы жана Түштүк Корея — бул санариптештирүү бөлүгү боюнча прогрессивдүү өлкөлөр экендигин айтып өттү. Ошондуктан Корея Республикасы менен патенттин бүтүндөй берүү процессин санариптештирүүнү киргизүү боюнча өнөктөштүк каралды.
Динара Молдошева белгилегендей, Кыргызстандын үч университетинин аймагында технопарктар киргизилип жатат, алардын алкагында окумуштуулар инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууда.