Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон эртең Исфара шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Жолугушуу Кыргызстандын башчысынын Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымдады.
Сооронбай Жээнбековдун эртеңки сапары жөнүндө билдирип, Сыдыков жолугушуу пландык болуп саналарын белгиледи. Мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлөт.
Ал билдиргендей, мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин учурдагы маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулоону пландаштырууда.
Мындан тышкары, алар эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы жакшы кошуналыкты жана достукту бекемдөө максатында чек арадагы облустарынын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү маселесин карашат.
Ошондой эле ал белгилегендей, президенттик сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду Чолпон-Атада өтөт, жолугушуунун жүрүшүндө Исфара боюнча жыйынтыгы чыгарылат.