Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Рахмонду тосуп алды.
Президенттер Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүүлөр жүргүзүшөт. Анда өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелеринин эң актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланат.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстанга кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барып келген.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын айылдык кеңештеринин өкүлдөрү жана аксакалдар менен Кыргызстан-тажик чек арасында бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Андан соң сүйлөшүүлөр тажикстандын Исфара шаарына жылдырылды.