Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде биздин өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарында суракка алынаары тууралуу маалымат берилди.
Министирликтин басма-сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Карим Аманкулов маалымдагандай, Атамбаев милицияга суракка келиши шарт, эмнеге дегенде күбө далилди жазуу түрүндө, ыйгарым укуктуу адамдар аркылуу эмес, өзү келиши керек деп белгиледи.
«Мажбурлап алып келүү маселесине карата бул маселени тергөөчү чечет», – деп кошумчалады Аманкулов.
Буга чейин экс-президент, ал бийлик укуктук талаада келгенге чейин, укук коргоо органдарына суракка келе албай турганын билдирген.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевден дипломатиялык кол тийбестикти алып койгон. Андан кийин ага күбө катары суракка чакыруу жөнүндө 3 чакыруу кагазы келип түшкөн.