Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда регионду өнүктүрүү боюнча ишмердикти жүргүзүүчү жумушчу атайын топ түзүлгөн. Бул тууралуу Turmush маалымат агенттигине акимдин орун басары Нурболот Кожобергенов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бул максатта ишкерлер жана менеджерлер менен өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
“2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында райондо 13 ишкана ачылган, 54 адам иш орундары менен камсыз болгон. Жакын арада сүт иштетүүчү ишкана ачылат. Азыркы учурда керектүү жабдыктар алып келинген. Өндүрүш француз технологиясы боюнча күнүнө үч тонна сүт кайра өндүрүүгө болот. Өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруу пландаштырылууда”, – деп белгиледи Кожобергенов.
Акимдин орун басары райондогу санариптештирүү боюнча иштер өткөн жылы ишке киргизилгендигин билдирди. Бул ишти үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре аяктоо пландаштырылууда.
«Райондо 42 мектеп, 13 бала бакча бар. Интернет 19 мектептерде өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын октябрына чейин калган мектептерди интернетке кошуу пландаштырылууда. Мында бизде бала-бакча жетишпейт. Эки калктуу конушта пайдаланылбаган имараттар бар, алар 2000-2005-жылдары салынган. Ал жерде бала-бакчаны ачууну пландаштырып жатабыз. Долбоорлордун демөөрчүсү районду өнүктүрүү фонду болот», — деп тактады Нурболот Кожобергенов.