Кыргызстандын окумуштуулары жана адистери Борбордук Азия регионунда эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТЦ) Илимий-консультативдик комитетинин суу программаларын жүзөгө ашырууга катышат.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Бекмамат Жээнбаев айтып берди. Ал ушул маселе боюнча отурумга катышып жатат.
ЭИТБнын Илимий-консультативдик комитети Борбордук Азия аймагындагы суу маселелерине тийиштүү эки долбоор боюнча сунуш киргизди.
Биринчи долбоор урандын калдык сактоочу жайынын гидрохимиясы болуп эсептелет. Экинчи-бассейнди дарыясынын көзөмөлүнүн жыйынтыктарын колдонуу менен Амударыя дарыясынын куймаларына суу жана жер ресурстарын талдоо.
“Бул эки долбоор тең Кыргыз Республикасы үчүн өтө чоң илимий-теориялык, колдонмо жана окутуу-педагогикалык ролду ойнойт”, — деди Жээнбаев.
Жерди прикладдык изилдөө боюнча аймактык институттун жетектөөчү илимий кызматкери, профессор Шейшеналы Эшмамбетовдун пикири боюнча, аталган долбоорлордун аткарылыш жыйынтыктарын келечекте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууга колдонууга болот.