Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков (ЮНИСЕФ) БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту, анын бул кызматка жаңы көрсөтүлүшүнө байланыштуу арналган
Ал ТИМдин башчысына анын дайындалышы жөнүндө Фонддун жетекчилеринин атынан кат жеткизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Айдарбеков Жольмду дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады, ошондой эле Кыргызстан менен балдар фондунун келечекте натыйжалуу өз-ара аракеттешүүсүнө үмүттөнө тургандыгын айтты.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган программаларды карап чыгышты.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Ирактын аймагындагы кыргызстандык балдарды кайтаруу маанилүүлүгүн белгиледи.
«Мамлекеттик органдардын Компетенттүү өкүлдөрү менен бирге биз бул маселени чечип жатабыз. Балдардын кырдаалдан жапа чегишине жол берүүгө болбойт. Биз БУУ Балдар фондун колдоого абдан ишенебиз», – деп белгиледи Айдарбеков.
Ал эми Кристин Жольм балдарды мекенине алып келүүгө жасаган аракети үчүн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле ЮНИСЕФ бул демилгени колдой тургандыгын белгиледи. Ал балдардын кайтып келиши боюнча дүйнөнүн башка мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөө жана кайтып келгенден кийин, балдарды коомго ылайыкташ керек экенин айтты.
Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондуна Кыргызстандын балдарын кайтарууга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле балдарды коомго ыңгайлаштырууда уюштурууга жардам берерине ишенээрин билдирди.