Украинанын Тернополь облусунда балдардын жайкы лагеринде аскердик даярдык өттү
Жакынкы убактарда чет элдик телеканалдар Украинанын Тернополь облусундагы балдардын жайкы лагеринде 8 жаштан 16 жашка чейинки курактагы өспүрүм балдарга Калашников автоматы менен аскердик машыгуу өткөргөнү тууралуу сюжет көрсөттү. Эч кандай тамаша эмес: чыныгы курал жана инструкторлордун сабагы болгон. Балдар сууга сүзгөндү, жеңил атлетика боюнча, атууга, Калашников автоматын чачууга жана чогултууга үйрөнүшкөн. Андан сырткары жер үстүндө бортоктоп, арканга чыккан боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.
Белгиленгендей үйрөтүүчү устат болгондордун бири ашынган оңчул партиянын мүчөсү болгон. Ал балдарга ЛНР жана ДНР менен «москвалык баскынчыларга» карата ок чыгара берсе боло берээрин айтып үйрөткөн.
Оңчул радикал топтордун балдар лагери Украинанын жаштар жана спорт Министрлиги каржылайт экендигин «Евроньюс» телеканалынын сюжетинен айтылган.