Кыргыз банкы ААК «Кепилдик фонду» 550 миллион сом инвестициялады. Ушундан улам бүгүнкү күндө фонддун капиталы 1 миллиард 132 миллион сомго жетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз борборунда гарантиялык фонддун башкармалыгынын төрагасы Малика Абакировго шилтеме жасап, айтып беришти.
Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы фонд 300 долбоорго жалпы суммасы 460 миллион сомдон ашык каражат сарптаган. 173 процентке берилген кепилдиктердин суммасы көбөйдү. Өткөн жылдын жети айында 271 миллион сом инвестицияланган, бул жылы ушундай эле мезгилде 468 миллион сом суммасында кепилдик берилген.
Абакировдун айтымында, Кепилдик фондунун Кыргыз моделинин тажрыйбасы менен шериктикке мүчө мамлекеттер, ошондой эле эл аралык финансы институттары да кызыктарылат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы Тажикстан Республикасына гарантиялык фондду киргизүү учурунда колдонулууда.
Ошондой эле, гарантиялык фонддун иши Азия Өнүктүрүү Банкынын уюмдаштыруучу-өлкөлөрүнүн аймагында эң мыктылардын бири катары позицияланып жаткан деңгээлге жетишүү пландалып жаткандыгын, фонддун төрагасы белгиледи.