АКШ журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга санкция салды.
Бул чаралар Саудия “Хашогжинин көзүн тазалады” деп шек саналган беш киши өлүм жазасына тартылаарын билдиргенден көп өтпөй жарыяланды. Түрк тарап “Журналисттин сөөгү кайда?” деген суроону кабыргасынан коюп жатат. Журналист Жамал Хашогжи Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин АКШ айрым саудиялыктарга санкция салды.
Мындай чарага кабылган 17 кишинин арасында Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын башкы жардамчылары Сауд Ал-Кантани жана Махер Мутреб да бар.
АКШнын Финансы министрлиги белгилегендей, ханзааданын узактан берки оң колу болуп саналган Сауд Ал-Кантани журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү операциясын “пландоого жана аны ишке ашырууга” аралашкан. Ошондой эле Хашогжи өлтүрүлгөн учурда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген Мухаммад Алтаиби да “кара тизмеге” киргизилди.
– Биз санкция салган саудиялык расмий өкүлдөр Жамал Хашогжини үрөй учурган жол менен өлтүрүүгө катышкан. АКШда жашап, иштеп жаткан журналистти бутага алып, ырайымсыздык менен өлтүргөндөр колу менен кылганын мойну менен тартышы керек, – деп билдирди 15-ноябрда АКШнын финансы министри Стивен Мнучин