16-ноябрда Радио Азаттык сайтында Америка Кошмо штатытынын Кыргызстандагы жаңы посолунун маеги: «Дональд Лу: АКШ Кыргызстанга каражатты карызга эмес жардамга берет» деген аталыш менен жарык көрдү. Мындай аталыш албетте жакшы маанайды жарат деңизчи, бирок, чынында эле ушундайбы?
Маекти толугу менен интервьюердин ЖМК сайтынан окуп чыкса болот. Бирок, биз анын эки маанилүү деген абзацтарына токтолсок дейбиз.
«…АКШ Кыргызстанга акыркы 27 жыл ичинде олуттуу каражат салды. Ар кандай долбоорлорго Вашингтон 2 миллиард доллардан ашуун акча жумшады. Алар грант түрүндө жана кызматташтык алкагындагы өнүгүү долбоорлоруна сарпталды. Айрым өлкөлөрдөй бул каражат карызга насыя түрүндө берилген жок. Биз акчаны Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетине, айыл чарба тармагын модернизациялоого, билим берүү программалары менен полициянын реформасына жумшадык. Мындай иштерди биз келечекте да кыргыз өнөктөштөр менен бирге уланта беребиз.», — дейт Дональд Лу.
Чынында каражат абдан көп. Бирок, Кыргызстан реалдуу экономикалык жана каржылык жардам күтүп турган кезде, АКШнын USAID конторасы аркылуу андан көптөгөн акчаларды, конок тосууга, жолугушууларга, документация жана башка иштерге коротуп турушкан.
Мисалы, 90-жылдары бир кызык окуя болгон. Кыргызстандын белгилүү саясатчылары менен маектешүүнү башташ үчүн, америкалыктар аларды конокко чакырып, ар бирине бирден баш тартышкан. Салт боюнча, баш бир гана кишиге тартылып, эң сыйлуу жана эң маанилүү деген конокко берилет. А Америкалыктар болсо ар бирине бирден баш тартышкан. Мынча койго канча акча кетти дейсиз. Албетте, өтө деле көп акча эмес, ошентсе да ошол акчалар жогоруда айтылган 2 млрдтын ичинде болсо керек.
Ошол эле убакта, Америкалыктардын Кыргызстандын экономикасына салым кошкон, чоң долбоорлорго акча бөлгөнү жөнүндө бир дагы чек жок. Алардын көбүнчө берген акчасы консультация жана иштерге кеткен. Жөн гана документация макулатураларга акча коротулган.
Ушул багыттан алганда, АКШ берген акчанын көбү, кайрадан эле өздөрүнүн өкмөттүк эмес уюмдарына жана өз кишилерине гана берилип, Кыргызстандын экономикасына эч кандай деле салым кошулган эмес.
Дипломаттык салтка жатпайт
«Айрым эксперттер Кытай Кыргызстанга ири инвестицияларды салып, бирок ошонун көбү карыз түрүндө берилип жатканына көңүл бурушат. Ал маселени Жогорку Кеңеш да көтөрүп, кайсы бир мамлекетке тышкы карыздардын жарымынан ашыгы туура келбеши керек деген чектөө киргизди. Кытай ошол чекке чукулдап калды чынында. Жакынкы бир нече жыл ичинде жагдай балансташтырылып, кайсы тарап карызды олчойтуп берип атат, кайсы өлкө Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатат деген маселе талданып жыйынтыктар жасалат го», — деди Дональд Лу.
Албетте элчинин бир тарапка багытталган же экинчи үчүнчү тараптын кызыкчылыгына доо кетире турган билдирүүсү, жалпак тил менен айтканда дипломаттык салтка жатпайт. Ал эми азыркы учурдагы Кытай эл Республикасы менен АКШнын «соода согушунун» фонунда бул билдирүү провокациялык десе болот.
Жыйынтыгында, АКШнын мамдепартаментиндегилер кандай мүнөздөмөгө таянып Доналд Лунун Кыргызстанга элчи кылып жиберген деген суроо туулат?
Кызыктуу факт: Дипломат буга чейин Кыргызстанда 2003 – 2006- жылдары элчиликтин орун басары катары кызмат өтөгөн. 2014-жылдан тартып, ал АКШнын Албанияга барган дипломатиялык миссиясын жетектеген. Бул кызматта Луну миллиардер Джордж Соростун агенти деп сындашкан жайы бар.