Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлдү.
Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов тастыктады:
– Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Айрым маалыматтарда кылмышка шектүү киши кармалганы айтылып жатат.
43 жаштагы прокурордун сөөгүн жакындары кичи мекени – Чоң-Алайга алып кетишти.
Кечээ, 17-ноябрда Лейлектеги ок тийген депутат каза болгон эле. Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду.
Лейлектеги ок тийген депутат ооруканада
Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагындагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү белгисиз адам атып, качып кеткен.
Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирген. Айылдык кеңештин төрагасына ошол замат операция жасалган.
Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлады.
Булак Азаттык