No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Вторник, 28.10.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Түйүнчөк көтөрүү, нан чыгаруу, жоолук-калпак берүү. Кадамжайда тойдогу ысырапкорчулукту жоюу аракети кандай жыйынтык берип жатат?

18.11.2018

Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө аш-тойлордо ысырапкорчулукка жол бербөө максатында октябрь айында атайын чечим кабыл алынган. Ага элдик жыйында айтылган сунуштар, ой-пикирлер негиз болгону айтылат.

Анда сүннөт тойдо ата-энелерине, бир туугандарына кийит кийгизүү, себет тартуу, конок берүү, бир туугандарынын эмеректерди алып келүүнү токтотуусу керектиги айтылат. Кабыл алынган чечимдер:

- Сүннөт тойдо бир гана куда тарап коноктолсун. Сүннөт тойдо эт жана 6 даана нан жаш курагы 70тен ашкан аксакалдарга гана берилсин. Тойго аялдар түйүнчөк көтөрүп барышпасын. Той өткөргөн үй ээлерине жоолук, калпак кийгизүү токтотулсун, көңүлдөн чыккан акча каражаты берилсин. Куда тарапка бериле турган себеттин саны 4төн ашпасын. Сыйлуу конокторго эт, 6 даана нан, чачыласы менен (таттуулар) берилсин. Жамаатты өз ыктыяры менен чакырат, конок берилбейт. Сүннөт тою болуп жаткан баланын классташтары тойго чакырылбасын. Той ичимдиксиз өткөрүлсүн.

- Үлпөт тойдо кортеждин саны кыскартылып, 1 жеңил унаа, 2 кичи автобус чыгарылсын. Тойканага чакырылгандар гана барып, той ичимдиксиз өтсүн. Кызга берилген калыңдын суммасы 100 миң сомдон ашпасын. Кыз тарапка 100 килограмм пахта берилсин. Кыз узаткан, уул үйлөгөн тойдон конокторго нан таратылбасын.

- Бешик той, көшөгө жыйды, күйөө чакырды сыяктуу тойлорго 10дон ашык адам барбасын. Мындай тойлордо кудалар бири-бирине кийит кийгизишпесин.

Аялдарга тойго бара жатканда түйүнчөк көтөрүүгө да тыюу салынып жатат. Бирок чектөөлөр ишке аша элек. Сыйлуу адамдар, жакын тууганы, кудасы той өткөргөндө алып бара турган түйүнчөктүн ичин толтурууга өзгөчө көңүл бурулат. Демейде 8 даана нан, 6 же 8 түрдөгү таттуулар, 8 даана рулет салынат. Той ээлерине жоолук менен калпак, кездеме, эркектер үчүн белине байлаган чарчы берилет. Той өткөргөн тарап да ушундай эле өңүттө кайтарат. Кыз турмушка чыгып жатса себине бериле турган буюмдар, эмерек, жууркан, килем алып барышат. Эгер уул үйлөп жаткан тойго барса мал алып барат же акчалай берет. Кийин кайтарып берүү үчүн кимдин эмне алып келгени жазылып калат.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев кабыл алынган чечим кандай жыйынтыктарды берип жатканына токтолду:

«Ысырапкорчулук жылдан-жылга көбөйүп жатпайбы. Эл да кыйналып жашап жаткан маалда балдарыбыз Орусияда иштеп тапкан акчасын, айылдагылар жазы менен дыйканчылык кылып тапкан акчасы менен бир той өткөрүп эле койгону туура эмес. Тойдон кийин кайра мурунку жашоосундагы кырдаалга түшүп калып жатат. Элдин көбү кредит менен жашайт. Кыскартсак деп элдин үнүн угуп ушундай чечим чыгардык. Көпчүлүгү колдоду, бирок каршы болгондор да чыкты. Той өткөргөн адам 80-100 миң сомго таттууларды алат, 7-8 миң даана нан кетип жатат. Келген меймандарга атайын кой союлуп башка үйдө коноктолчу. Ага 50-60 кой союлат. Аны да бышырып жебей, чийки бойдон алып кеткен учурлар да болду. Быйыл элге жайылтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айыл өкмөттө комиссия түзүлдү, ар бир айылдын аксакалдарына, айыл башчыларына айтып жатабыз. Бирок чечимди аткарбагандарга айып салуу жок. Бул элге пайдалуу экенин түшүнсө, өзү билип аткарса деп элдин эркине койдук. Башка айыл өкмөттөрүнөн байланышка чыгып «туура чечим кабыл алыпсыздар. Биз да ушуну ишке киргизели» дегендер болуп жатат. Абдусаттар Абибиллаев деген айылыбыздын тургуну биздин жаңы чечимдерге карап той өткөрдү. Бир топ каражат үнөмдүү болгонун айтып жатат», - деди айыл өкмөт башчы.

Ысырапкорчулук тойлордо эле эмес, сөөктү жерге берүүдө да кездешет. Алчынбай Төралиев бул жаатта да чектөөлөр киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, сөөктү жерге берүүдө мурун бодо мал, кой союлуп келсе, азыр бир эле кой же музоо союлуп, кездеме таратуу, акча берүү токтотулду.

Булак Супер инфо

Tags: коомтойысырапкорчулук

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Экономическая политика Трампа оборачивается кризисом для США

27.10.2025
Кыргызстан

Беназир Нурланова назначена заместителем министра экономики и коммерции КР

27.10.2025
Кыргызстан

Россия упростила импорт из Казахстана и Кыргызстана до конца 2025 года

27.10.2025
Кыргызстан

Трамп пригласил лидеров Центральной Азии на саммит в Вашингтоне 6 ноября

27.10.2025
Безопасность

Ночью над Москвой сбито 30 украинских дронов - Собянин

27.10.2025
Безопасность

Британские СМИ: заявление Путина о «Буревестнике» стало предупреждением Лондону

27.10.2025
Безопасность

Израильский беспилотник атаковал патруль миротворцев ООН в Ливане

27.10.2025
Кыргызстан

Министр транспорта США предупредил о сбоях в авиаперевозках из-за шатдауна

27.10.2025
Безопасность

США поддержали идею использовать замороженные российские активы для помощи Украине – Reuters

27.10.2025
Кыргызстан

Касымалиев рассказал о достижениях в дорожной отрасли Кыргызстана

27.10.2025
Новости

Американский миллиардер профинансировал военных США во время шатдауна

27.10.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире