Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ сотторду тандоо кеңешинин башчысы Эльмира Барыктабасованы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Анын маалыматы боюнча, жолугушуу учурунда маектештер аталган кеңештин иши менен байланышкан биринчи кезектеги маселелер жөнүндө айтып беришти.
Президент сотторду тандап алуу конкурсунун сапатын жакшыртуунун маанилүүлүгүнө басым жасады.
Анын айтымында соттук-укуктук реформада адам фактору башкы болуп саналат. Ошондуктан ал судьялардын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесиптик гана эмес, инсандык-адеп-ахлактык өзгөчөлүктөрүн эске алууну талап кылат.
Республиканын башчысы ошондой эле бир катар кемчиликтерди жоюу үчүн сотторду тандоо жол-жобосун координациялаган мыйзам базасын жакшыртуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Сооронбай Жээнбеков сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө да катуу талаптар коюлуп жатканын билдирди. Кеңештин ишинин ачыктыгын камсыздоо, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди алып салуу керек.
Эльмира Барыктабасова, өз кезегинде, президентке соттук-укуктук реформа жүргүзүү контекстинде кеңештин иши жөнүндө жана кеңештин мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.
Айтылгандай, 2017-жылдын декабрынан ушул жылдын сентябрь айына чейин мамлекет башчысынын кароосуна киргизилген соттордун постуна 171 талапкер, алардын 63 талапкер объективдүү себептерден улам кабыл алынган эмес.