Түркмөнстандын борборунда өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 83 отурумунда КМШга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык пландагы өз ара аракеттешүүсүнө тиешелүү маселелер талкууланды.
Тар чөйрөдө болуп өткөн жыйында тараптар кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу жөнүндө келишимди даярдоонун жүрүшүн айтып беришти, ошондой эле бул процессти тездетүүчү аракеттер да талкууланды.
Делегация башчылары КМШ мүчө – мамлекеттеринин стратегиялык экономикалык кызматташуусу жөнүндө декларациянын долбоорун жактырышты, ал КМШ өлкөлөрүнүн жалпы жана айрым экономикалык кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга макулдашылган мамилени калыптандырууга, өнөктөштүктү түзүүгө, экономикалык байланыштарды өркүндөтүүгө багытталган. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында декларация КМШ мамлекет башчыларынын кеңешине берилет.
Шериктештиктин экономикалык кеңеши коомдун санариптик өнүгүү жаатындагы өз ара аракеттешүү концепциясынын жана аны ишке ашыруу планынын долбоорун жактырды. Бул документтердин башкы максаты-Шериктештиктин аймагында санариптик чөйрөнү түзүүдө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын жана механизмдерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү милдеттерди түзүү жана макулдашуу.
Ошондой эле форумдун катышуучулары бир нече финансылык жана уюштуруучулук маселелерди да карашты.