No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 18.10.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Йеменде хусит согушкерлер ракеталык соккуларын токтотту

19.11.2018

Хуситтердин билдиргенине караганда, алар Саудия баштаган аскерий коалицияга ракеталар жана дрондор менен сокку урууларын Улуттар уюмунун өтүнүчүнө ылайык токтотушту. Хуситтердин Жогорку революциялык комитетинин башчысы Мохаммед Али ал-Хусинин билдиргенине караганда, ракеталык соккуларды токтотуу чечими алар БУУнун чабарманы Мартин Гриффитске байланышкан соң кабыл алынды. Мунун алдында Саудия баштаган коалиция да өз күчтөрүнө Йемендин Ходейда портуна чабуулун токтотууга көрсөтмө берген эле.

БУУ азыр Йемен боюнча акыркы ирет быйыл сентябрда ишке ашпай калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого аракет кылууда.

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алууну максат кылган ири аскердик операциясын быйыл 13-июнда баштаган эле. БУУнун эсебинде, андан бери Ходейдадан бери дегенде 445 миңдей киши качып чыкты.

Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порту аркылуу Йеменге өлкө калкы муктаж азык-түлүк менен гуманитардык жардамдын 80% кирет. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептөөдө.

Йемендеги азыркы аскердик чатак 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жетише элек.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келчү. Бирок аскердик жаңжалдарга көз салган көз каранды эмес ACLED («Armed Con­flict Loca­tion & Event Data Project») уюму 10-ноябрда Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен согушкерлерди кошо эсептегенде 57 538 кишинин өмүрү кыйылды, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн деген эсебин жарыялады.

Булак Азаттык

Tags: Йеменракеталык соккуСогушкерлерТерорризм

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Власть и внешняя поддержка: как Запад влияет на будущее политическое поле Украины

17.10.2025
Кыргызстан

В Кыргызстане остро не хватает квалифицированных горных гидов — эксперт

17.10.2025
Безопасность

ГУВД Бишкека сообщило о провокации, связанной с угрозами против школьников

17.10.2025
Безопасность

МВД Кыргызстана: задержанный Кумарбек Абдыров признался в серии убийств девушек

17.10.2025
Новости

Путин: отказ Европы от российских энергоресурсов ударил по её промышленности

17.10.2025
Кыргызстан

Кыргызстан теряет туристический потенциал из-за слабого управления и кадрового дефицита

17.10.2025
Безопасность

Трамп и Путин проведут переговоры в Венгрии

17.10.2025
Безопасность

В Бишкеке усилили меры безопасности после угроз школьникам от украинского гражданина

17.10.2025
Новости

Путин заявил, что бензиновые автомобили останутся востребованными надолго

17.10.2025
Новости

Путин заявил, что только Россия строит малые атомные электростанции

17.10.2025
Аналитика

Централизация под флагом войны: Украина теряет местное самоуправление

16.10.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире