Кыргызстандын экономика министрлигинде жакынкы күндөрдө министрликтин жетекчиси Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасындагы эл аралык финансылык корпорациянын жаңы директору (IFC) Манижа Мамаднабиева менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Катышуучулар республикадагы корпорациянын максаттарын жана артыкчылыктарын, жеке секторду жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү маселелеринде өнөктөштүктү өстүрүүнүн келечектерин карап чыгышты.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө финансылык корпорациянын жетекчиси экономика министрине Кыргыз Республикасынын инвестицияларды колдоо жана коргоо жаатында түзүлгөн бардык макулдашууларды инвентаризациялоо боюнча министрлик менен бирдикте ишке ашыруу тууралуу айтып берди.
Жолугушуу учурунда маектештер бардык маанилүү багыттар боюнча эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.
Кыргызстан 1993-жылы эл аралык финансы корпорациясына кошулгпн жана уставдык капиталдын 0,07 процентине ээ болот. IFC Дүйнөлүк Банктын тобуна кирет, ошондой эле анын иш-жеке секторду жардам берүүгө багытталган ири дүйнөлүк өнүгүү мекеменин бир бөлүгү болуп саналат.
Жеке ишканалар менен иш алып баруу менен дүйнөнүн 100 мамлекетинде капиталды, тажрыйбаны жана жакырчылыкты жоюу жана өлкөлөрдүн калкынын жалпы жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн таасири колдонулат.